Футбол боюнча улуттук курам 3-мартта жаңыланган Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 105-орунду сактап калды. Улуттук курам февраль айында ушул көрсөткүчкө жетип, 25 жылдык тарыхыбызда рекорд жараткан.
Аталган уюмдун расмий сайты кабарлагандай, Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курамасынын карамагында 324 упай бар. Өткөн айда футболчуларыбыз расмий оюн өткөрүшкөн жок.
Улуттук курам мартта Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында акыркы беттешин өткөрөт. Анда футболчуларыбыз Дүйшөмбү шаарында Тажикстан курамасы менен бет келмекчи.
Аталган рейтингде алдынкы ондукта өзгөрүү болгон жок. Алдынкы үчтүктө дагы да болсо Бельгия, Аргентина жана Испания курамалары аттарын жазып келүүдө.