Ошто 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтүүдө

Ош шаарындагы Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата айымдар арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, мелдешти калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө ачып, катышуучуларды 8-Март - Аялзатынын эл аралык майрамы менен куттуктады.

Биздин айымдарыбыз бүгүнкү күндө коомдук жана мамлекеттик турмуштун көч башында болуу менен өздөрүнүн лидердик касиеттерин, талантын, шыгын татыктуу көрсөтүп келишүүдө. Бүгүнкү спортту даңазалаган иш-чара буга далил. Сиздер менен кызмат талаасында эмес, спорт аянтчасында жолугушуп жатканыбыздын мааниси да өзгөчө. Буга чейин сиздерди кызмат ордуңуздардан гана көрө алсак, бүгүн топ ойноп, намыс талашкан учурда кездешип отурабыз. Ошондуктан спорт таймашын мөрөй талаш катары эмес, мекеме-ишканалардын айымдарынын ортосундагы достук, биримдик, ынтымак майрамы катары кабыл алып, ийгиликтерди жаратыңыздар”,- деди Кадырбаев.

Мелдешке жалпысынан 21 команда катышып, эки топко бөлүнүп өткөрүлүүдө:

1-топ - Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдарынын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлеринин арасында;

2-топ - шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринин арасында.

Бул мелдештин негизги максаты - республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында жайылтуу, аларды спорт менен машыгууга үндөө, ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү. Ошондуктан шаардагы бардык каалоочу мекеме-ишканалар жана окуу жайлардын командалары катыша алышат”,- деди Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев.

Оюндун финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланышат. Иш-чара 3-4-март күндөрү өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан