Бишкек шаарында жол кырсыгынан кийин айдоочуну бычактап кеткен экинчи айдоочу табыла элек. Аны издөө иштери токтотула элек. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди.
Маалыматка ылайык, бычактап туруп изин жашырып кеткен экинчи айдоочуну издөө иштери 8 күндөн бери улантылууда.
"Окуя болгон күндөн бери аталган айдоочуну издөө иштери жүрүүдө. Азырынча издөө өз натыйжасын бере элек",- деди Казабаев.
Эске салсак, 25-февраль күнү саат 15:30 чамасында Киев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, айдоочулардын бири унаанын айнегин талкалап, унаа ээсин бычактап, изин суутуп кеткен. Бычактан жаракат алган айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган.