"Абдыш-Ата" клубу Ошто "Алайды" утуп, футбол боюнча өлкөнүн суперкубогуна ээ болду

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында футбол боюнча өлкөнүн суперкубогу үчүн беттеш болуп өттү. Анда өлкө чемпиону "Алай" (Ош) менен өлкө кубогунун ээси "Абдыш-Ата" (Кант) беттешти.

Ош шаарында өткөн беттеште 1:0 эсеби катталып, канттыктар жеңишке жетишти. Андагы жалгыз голду "Абдыш-Атанын" курамына жаңы гана кошулган Эльдар Молдожунусов киргизди.

Кошумчалай кетсек, суперкубок үчүн беттеш 2011-жылдан тарта уюштурулуп келет. Бүгүнкү күнгө чейин аталган кубокту кочкор-аталык "Нефтичи" (2011-жылы) жана бишкектик "Дордой" (2012, 2013, 2014) ута алган. 2015-жылы суперкубок үчүн беттеш болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kg_boy__91
2016-03-05 19:28:15
Тузууук
0
behappy74
2016-03-05 21:56:50
Азамат Абдыш-Ата, алгааа!!!
0
soccer_boy95
2016-03-06 11:25:33
50 сом акталбады Алай
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан