Сууда сүзүү боюнча Германияда өткөн мелдеште кыргыз спортчулары 4 медаль тагынышты

4-6-март аралыгында Германияда "International Swim Meeting-2016" Эл аралык мелдеши болуп өттү. Анда бир катар мамлекеттердин спортчулары менен катар кыргыз спортчулары да жарышка түшүп, 3 алтын, 1 коло медаль тагынышты.

Сууда сүзүү федерациясынан кабарлашкандай, 2 алтын медалды Дарья Таланова өз эсебине жазды. Ал брасс стилинде 100 метрликте жана 200 метрликте биринчи келди.

Ушул эле стилде Денис Петрашов 200 метр аралыкка сүзүүдө алтын медаль тагынды. Жалгыз коло медалды 100 метрге эркин сүзүүдө Елизавета Рогожникова камсыздады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
take.kg86
2016-03-07 10:54:28
Жакшы Кыргыз деген атты чыгаргыла мындан ары да игилик каалайм
0
nurkasym-2014
2016-03-07 16:24:39
120 депутат анан окмот баш болуп канча акча короткондон коро эл аралык талапка жооп берген 1 басейн куруп койсо дуйного тааныла турган спорт чулар чыгаар эле.Биздин чондооор качан желинер чыгаар экен.
0
mamashov-emil
2016-03-07 18:20:22
en sonun oshondo olimpiadaga kimisi joldomo aldy?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан