Борбордо "алдамчылык жолу менен 5 унааны тартып алып, сатып жиберген" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Марат М. кайрылган. Анда ал Вахи С. аттуу таанышы анын ишенимине кирүү менен 2015-жылы август айында БМВ-530, Ренж Ровер, Мерседес-Бенц Е-200, Фольксваген Тангед жана БМВ Х-6 үлгүсүндөгү унааларын тартып алып, сатып жибергенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Т.Б. аттуу жаран кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.