Бишкек шаарында күйөөсү аялын атып жарадар кылып, кийин өзүнүн башына атып каза болду

Борбор калаада кечээ, 6-март күнү күйөөсү мергенчилик мылтыгы менен жубайын атып, кийин өзүнүн башына атып каза болгон. Муну 7-март күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалым болгондой, окуя борбордогу Пржевальский көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде орун алган. Анда үй-бүлөлүк уруш-талаштан улам жаран аялын атып жарадар кылып, кийин өзүн да башына атып каза тапкан. Бул факт боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Inna_91
2016-03-07 13:07:30
Эмне болду модага айландыго эри катындардын урушу кудай сактасын
+4
jelek
2016-03-07 13:22:24
Мергенчилик куралдары элге кенири жайылган, жапайы жандыктарды кырып эми адамдар атыла баштадыбы? Андан коро нарынга барып карышкыр атса болмок. ИИМдин кызматкерлери бул боюнча катуу иш алпарышы керек. Акыркы кундору кучтуу жарактар элдин колунда кобойуп кетти
+5
Baian
2016-03-07 14:03:58
Адамдар айбанга айланып калат деген чын экенда.Тообо кылар заман
+4
Medina87
2016-03-07 14:46:32
Кимисин куноолошту билбейм, бирок каза болгондун жаткан жери жайлуу болсун.
+1
kama_future_millioner
2016-03-07 15:40:07
Тобоо кылдым эмне болуп баратабыз акыркы кундору жакшы жанылык укпай калдыкко
+2
KaiMak
2016-03-07 15:56:41
Дагы ушул тема уф
0
samira8589
2016-03-07 16:05:21
Келиндер куйоолорунор менен урушпагыла,ха ха ха
0
samira8589
2016-03-07 16:05:36
Кудай сактасын
+5
Farm94
2016-03-07 16:14:39
Менин оюмча аял заты тилинен этият болушу керек унчукпаган уйдой балээден кутулат деген кеп барго
+4
Nazikbaigazy
2016-03-08 00:23:11
Не болуп жатышат эрди катындар бири бирин олтурушуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан