6-мартта Казань шаарында (Татарстан) TNA эрежеси менен өткөн мушташ боюнча 9-Дүйнө чемпиондугунун жарым чейрек финалдык беттештери орун алды. Анда рингге тайбокс, кикбокс жана бокстун чеберлери чыгып, өз ара жеңүүчүнү аныкташты. Мелдеште Орусия, Кыргыз Республикасы, Бельгия, Түркия, Дания, Испания, Беларусь, Голландия сыяктуу мамлекеттин спортчулары күч сынашышты.
Кыргыз мамлекетинин желеги астында Дүйнө биринчилигине Дастан Шаршеев катышты. Ал 70 килограмм салмактык бөлүктө орусиялык Алексей Ульянов менен беттешти. Беттеш башталгандан тарта Дастан демилгени колго алып, атаандашынан активдүүлүгү менен айырмаланып жатты. Кези келгенде ал коргонууну мыктылап, каршы чабуулдарды уюштурду. 4 раундга созулган беттеште упай катыштыгында А.Ульянов жеңүүчү аталды.
Дастан Шаршеевден бул беттеш тууралуу комментарий берүүсүн суранганыбызда, төмөнкүлөрдү айтып берди: "TNA эрежеси менен өткөн мушташтарда Алексей Орусиядагы алдынкы мушкерлердин катарына кирет, андыктан беттеш оңой болгон жок. Ошол эле учурда калыстардын пикирине да макул болгон жокмун".