Ош шаарындагы түнкү клубдардын биринин жанынан 20 жаштагы жигит бычактан жаракат алды

Ош шаарындагы түнкү клубдардын биринин жанынан 20 жаштагы жигит бычактан жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 4-март күнү түнкү саат 02:00 чамасында А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан түнкү клубдун жанында орун алган. Анда пикир келишпестиктен улам жигиттердин арасында уруш чыгып, натыйжада 20 жаштагы Н.М. аттуу жигит бычактан жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында ошол эле күнү кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери улантылууда", - деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Мэри
2016-03-07 18:10:29
Азыр баары эле жанына бычак алып жүрүп калышканбы, колдорунда бычак даяр...
+6
Mars55
2016-03-07 18:10:45
Клубтан чыкса соо болмок беле.
+5
tavanova.sarah
2016-03-07 18:36:16
Ушундай заманда Кудаай деп уйундо турбайбы. Тун ортосу бале барбы кочодо!
+3
lolo.1
2016-03-07 18:44:33
tavanova.sarah,азыр кандай заман экен?адам эртен болоорун билбейт.бычак сайыларын билгенде уйундо отурмак
-1
AZIK01
2016-03-07 18:41:21
Тартиптин жоктугунан. Ар ким өз билгенин кылат, өтүгүн төргө илет.
+1
Zahovic
2016-03-07 22:59:17
Ушундан коро мечитке барсан жакшы болмок тунку клубка барып куноону чогултканын аз келгенсип олуп калышына да аз калыптыр. Ээ Алла ар бир мусулман пендене хидаят бере кор Амин!
0
josholu
2016-03-07 23:44:06
Zahovic,хидаяттын кыргызчасы барбы
-1
Zahovic
2016-03-08 00:11:20
josholu,Хидаят деген туура жол, акыйкат жолу дегендей
-1
besha
2016-03-08 02:31:43
Азыркы жаштар жигит деген созго арзыбай калгандай. Озуно жана Озунун муштумуна ишенбейт!Убактылуу ачуунар келсе, мушташса да бир жон. Эртен кайра бир- биринин катачылык кеткенин сезишет, жолугушат же кечирип дос да болуп кетет. А бычак , тапанча эмне ачууга алдырдын ошол убакта болду кайра корбойсун аны. Ал эми андан кийин окунуштун пайдасы жок.
-1
Zahovic
2016-03-08 03:08:59
besha,Ортодо бычак менен тапанчага эле жалко дейсинби
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан