Месси менен Роналдунун кимиси мыкты футболчу экенин талашып жатканда уруш чыгып, нигериялык жаран көз жумду

Лионель Месси менен Криштиану Роналдунун кимиси мыкты футболчу экенин талашып жатканда уруш чыгып, нигериялык жаран көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Майкл Дурумчуква (ылдыйкы сүрөттө) аттуу жаран өзүнүн туулган күнүнө арналган кече уюштуруп, жакын санаалаштарын кафеге чогулткан. Достордун арасында Лионель Месси менен Криштианунун күйөрмандары болуп, алар өз ара талаша кетишкен. Жыйынтыгында туулган күн ээси Дурумчуква арыда турган Нваби Чуквума аттуу конокту көздөй стаканды ыргыткан. Стакан дубалга тийип, сынып калган. Сыныктардын бирин алган кылмышка шектүү досун моюнга сайып өлтүрүп алган.

Алардын кимиси кайсы футболчунун таламын талашканы тууралуу так маалымат жок.

Кошумчалай кетсек, "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" Эл аралык футбол федерациясы тарабынан аныкталып, жеңүүчүгө "Алтын топ" байгеси тапшырылат. Алар 2008-жылдан тарта атаандашып келишет. Бүгүнкү күндө Лионель Месси 5 ирет аталган сыйлыкты алса, Роналду 3 ирет "Алтын топко" ээ болгон. А бирок аталган уюмдун чечимине макул эместер четтен чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Taku.14.02
2016-03-07 18:29:24
Алга
-7
ulan_sabina
2016-03-07 18:37:22
Айланайындар фанаттык.да чеги менен болотда. Все равно Роналдого жетбейтко
-11
Genar.benicio
2016-03-07 20:14:43
Мага чын журоктон баары бир!
+4
Zahovic
2016-03-07 21:05:54
ФИФА нын рейтингиде Месси 5 жолу дуйнонун мыктысы болуп далилденгени озу эле далил болуп туратко. Месси жонокой, жана оноктошторуно колдоо корсоткон, озумчул эмес. Ошон учун Мессини уважуха. Рональду озумчул, типа "Озум олбойун оноктошторум эмне болсо ошо болсун" дегендердин бири, ошон учун реалда командалык оюн жок, топ клубдардан сынып жатат, же бирдей ойноп жатат!
+10
Ernis.Kadyraliev
2016-03-09 16:19:51
Zahovic,Месси менен Роналдо бирдей эле ойнойт болгону Мишель Платини Мессиге эки жолу тартып койгон бири 2010до экинчииси 2012де 2010жылы алтын топту Инеста алышы керек болчу 2012 хави алыш керек болчу эми ФИФАдан Платини кетти коробузго Месси алтын топту алабы же ала-албайбы
-2
kg_salim
2016-03-07 22:02:23
Бизде КРда азыр окуучу балдардын 70% ушуларга окшогон фанаттар болуп калыптыр. Кайсы эле баланын телин корсон жалан эле футболчулардын видеосу
-3
azamat.95
2016-03-07 22:21:57
Кайдагы бир каапырларды мактап... Ошолорду жакшы коргончолук бир мусулманды жакшы коргуло....
0
adyl.por
2016-03-07 22:39:33
Ар кимиң ар баш
+3
Danel
2016-03-08 00:40:11
Койгула эми силерда урушуп кетпегиле.))
+1
pyeon hwa
2016-03-08 01:55:41
Алтын топту ким коп алса ошол кучтуу Бирок мен Роналдонун фанатымын.
-2
Abuxanifa
2016-03-08 02:10:16
Экоотен кучтуу. Болду эми талашпагыла айнанайын алтындарым...
+4
behappy74
2016-03-08 05:58:13
Месси тубаса талант,жонокой командалык оюнчу.Роналду модель, сылан короз, опкосу жок озумчул оюнчу. Месси Роналдодон кайсы жагынан болсун жогору турат.
+2
FIFA-UEFA.KG
2016-03-08 06:23:03
behappy74, Таамай айттын тууган. Месси ото жонокой оюнчу.
0
s5kgbal
2016-03-08 14:19:01
behappy74,жанында жургонсуп опкосу жок дейсинго ушу силерге эмне жок деймда ар кимди жамандап чачына тен келбесен керек
-1
s5kgbal
2016-03-08 11:48:11
Роналду нун денгээлине жетсенер биринчи отуруп алып сайрабай !во первых Роналду самый лучший футболист!И вообщета Реалдын оюнчуларынын баары!ал мусульман Жана кайрымдуу иштерин коп кылат мусульман дарга жардам берет жонокой а мессини да сыйлайм но ал мусульман дарды жаман короорун айткан ошондон кийин жакпайт
+2
AGENTO07
2016-03-08 16:24:46
s5kgbal, Ушунчалык болду эми, "Рон тахажудда окуп, нафил орозолорунда кармайт, жамагада калтырбай бара" деп койсон. Кайдагы мусулман ал, ал деле кристиян.
0
s5kgbal
2016-03-08 21:27:31
AGENTO07,алтыным талашпа мени менен
0
elgiz0890
2016-03-08 12:10:37
Биздин кыргыз футболчулары кучтуу
0
jelek
2016-03-08 20:01:12
ушул да талаш болдубу, андан коро аллахтын улуулугун талашпайбы? силер да алсыз пенденин (болгондо да каафыр)кыйындыгын талашасынар, мактайсынар. андай кылбагыла туугандар силер да ушуга баратасынар.
0
Patriot..kg
2016-03-08 21:23:49
Роналду кайталангыс талант.
А месси эмес Барса күчтүү. Ошон үчүн месси месси боло берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан