9-мартка караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында жооптук беттештер орун алды.
"Реал" (Испания) - "Рома" - 2:0
Голдор: Криштиану Роналду (64-мүнөттө), Хамес Родригес (68-мүнөттө).
Бул күнү мадриддик "Реал" өз үйүндө римдик "Романы" кабыл алды. Алгачкы оюн 2:0 эсебинде мадриддиктердин пайдасына чечилгенин эске алсак, жооптук беттеште "Романын" мынчалык жогорку деңгээлде ойноорун эч ким болжогон эмес. Римдиктер арты-артынан чабуул уюштуруп, атаандаштардын күйөрмандарын бир топ бушайманга салышты. Албетте, Эдин Жеко жана Мухамед Салах сыяктуу футболчулар мүмкүнчүлүктү туура пайдаланышканда, римдиктер кем дегенде 3 гол киргизишмек.
"Вольфсбург" (Германия) - "Гент" (Бельгия) - 1:0
Гол: Андре Шюррле (74-мүнөттө).
"Вольсбург" атаандашы "Гентти" алгачкы оюнда утуп (3:2 эсебинде), чейрек финалга жарым-жартылай чыккан. Жооптук оюн, албетте, германиялыктар үчүн оңой болгон жок, анткени бельгиялыктар бул ирет жаңылууга орун беришпеди. Алар биринчи номер болуп ойноп, атаандаштарды түйшүккө салышты. Мындай учурда чеберчилик жардамга келет эмеспи. Юлиан Дракслер 74-мүнөттө оң капталдан топту алып, голго болгон толук мүмкүнчүлүктү түзүп берди. Шюррле эсепти ачып, командалаштарына артыкчылык алып келди.