Казакстанда муз үстүндөгү хоккей боюнча өтүп жаткан "Азия дербиси" Эл аралык мелдеши массалык мушташ менен жыйынтыкталды. Казак басылмалары кабарлагандай, финалдык беттеште бишкектик "Илбирс" командасы казакстандык "Армада" менен ойноп жаткан. Муз четиндеги кагылышуудан кийин алгач 2 жаш спортчунун ортосунда мушташ чыгып, анан массалык мушташ башталган. Кызыл чеке болуп мушташып жаткан балдарды калыстар жана машыктыруучулар кыйынчылык менен ажыратышты.
Оюнда 4:3 эсеби катталып, кыргыз хоккейчилери жеңишке жетишти. "Илбирс" командасынын машыктыруучусу Ринат Мустафаев балдар ойногон оюндарда мындай көрүнүштөр көп катталарын, өзгөчө финалдык беттештерде бул кадимки көрүнүш экенин айтты.