"Зенит" (Орусия) - "Бенфика" (Португалия)
Стадион: Санкт-Петербург шаары, "Петровский" стадиону
Калыс: Виктор Кашшаи (Венгрия)
Башталышы: 23:00 (Бишкек сааты боюнча)
Алгачкы оюнда "Бенфика" 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен.
Андре Виллаш-Боаш, "Зениттин" башкы машыктыруучусу:
- "Бенфика" дайыма тыкан ойногон команда. Командалык оюн уюштурууда, коргонууда португалиялыктар мыкты, бирок бир жолун таап, гол жаратууга тийишпиз.
Руй Витория, "Бенфиканын" башкы машыктыруучусу:
- Бизде учурда ички чемпиондукту жана Чемпиондор Лигасын кошкондо, кыйын оюндар болуп жатат. Ушундай болорун мурунтан билгенбиз. Биз "Зенитти" утканга жана чейрек финалга чыкканга даярбыз. Команда дайыма жеңиш үчүн майданга чыгат. Көбүрөөк коргонууга туура келет, албетте, бирок чабуул уюштурууну дагы унутпаганга тийишпиз.
"ЧЕЛСИ" (Англия) - ПСЖ (Франция)
Стадион: Лондон шаары, "Стэмфорд Бриж" стадиону
Калыс: Феликс Брых (Германия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
Алгачкы оюнда ПСЖ 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен.
Гус Хиддинк, "Челсинин" башкы машыктыруучусу:
- Конокто гол киргизүү бардык командага артыкчылык алып келет, бирок бизге жооптук оюнда оңой болот дегенден алыспыз. ПСЖ учурда Чемпиондор Лигасын утууга болгон аракетин жумшап жатат. Албетте, акыркы 2 жылда бул команда өнүгүүнүн үстүндө гана болду. Командада улуттук курамаларда ойногон тажрыйбалуу, мыкты оюнчулар бар. "Челсинин" курамынан Диего Коста жаракатына байланыштуу ойнобойт.
Лоран Блан, ПСЖнын башкы машыктыруучусу:
- Бул командалар акыркы 2 сезондо ойношкон. Билбейм, ал оюндар бул жолу канчалык деңгээлде таасир этет. Бизде оюнга карата тиешелүү план бар жана "Челси" да өз планы боюнча ойнойт. Биз абайлап ойногонго аракет кылабыз. "Челси" каршы чабуулда мыкты ойногон команда.