Александр Крестинин Тажикстанга каршы ойной турган футболчулардын кеңейтилген курамын жарыялады

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында футбол боюнча улуттук курамабыз жыйынтыктоочу беттешин Тажикстанга каршы өткөрөт. Беттеш 29-мартта Дүйшөмбү шаарында өтөт.

Бул беттешке карата улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кеңейтилген курамды жарыялады. Курамда 34 футболчу бар. Алардын 23ү иргелип, 19-мартта баштала турган машыгуу сборуна чакырылат.

Кеңейтилген курам төмөнкүчө:

Дарбазачылар: Павел Матяш ("УиТМ" футболдук клубу, Малайзия), Руслан Амиров ("Алга"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата"), Валерий Кашуба, Максим Зинченко (экөө тең "Дордой").

Коргоочулар:

Азамат Байматов ("Ситра", Бахрейн), Тамирлан Козубаев ("Ягодина", Сербия), Валерий Кичин ("Тюмень", Орусия), Виктор Майер ("Меппен", Германия), Акрам Умаров ("Крумкачы", Беларусь), Талант Самсалиев, Курсан Шератов, Шерзот Шакиров, Дениэл Тего (баары "Дордой"), Ильяз Алимов, Турсунали Рустамов (экөө тең "Алай")

Жарым коргоочулар:

Бахтияр Дүйшөбеков ("Крумкачы", Беларусь), Фархат Мусабеков ("Академия", Молдова), Эдгар Бернхардт ("Аль-Оруба", Оман), Ахлетдин Исраилов ("Динамо-2", Украина), Антон Землянухин ("Сисакет", Таиланд), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев (баары "Дордой"), Павел Сидоренко, Ильдар Амиров ("Алга"), Мирлан Мурзаев ("Афжет Афьонспор", Түркия)

Чабуулчулар:

Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Дэвид Тэтте, Роман Левченко ("Дордой"), Абай Боколеев ("Миласспор", Түркия), Иван Филатов ("Сохар", Оман).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Abdyrashit.Satylganov
2016-03-09 18:32:31
Жакшы жигиттер... Баарыңар мыктысынар.!эми жетишти гана күтөбүз
+2
ILYAS181296
2016-03-09 18:38:51
Ийгилик....
+2
Nurbolot_KG
2016-03-09 18:54:59
ООО алай клубунан да кошулуп калганбы
+3
Aduk_aksuu
2016-03-09 19:38:25
Оюнчуларыбыздын 90 пайызы лигонерлерго чет олколордо ойнойт
+1
RUSLAN.KG
2016-03-09 19:39:19
Дүйшөмбү шаарында???)))))
-3
Ern
2016-03-09 20:47:29
RUSLAN.KG, Дүйшөмбү (Душанбе) Тажикистандын борборуда, анын эмнеси күлкүлүү? Тообо кылдым.
+3
sirgak_92
2016-03-09 23:14:45
RUSLAN.KG,дуйшомбу шаары тажиктердин борборунда билбесен билип ал)
0
realmadrid32
2016-03-09 23:18:06
Бизге андан ары Рим,Мадритте болбойбу жешин м-н кайтса болду ийгилик...
+2
JANAR
2016-03-09 23:53:59
ошондо бизде шанс барбы? тушундуруп койгулачы? же биздин группадан Иордания менен Австралия чыктыбы уже?
0
Patriot..kg
2016-03-10 08:44:23
JANAR, экинчи орунга шанс бар.
0
aidartegin
2016-03-10 14:04:38
Антон Землянухин Кайда?????????????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан