Футбол. Өспүрүмдөр курамасы Индияда өтө турган Азия чемпиондугуна даярдыкты баштады

16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн улуттук курам сентябрда Индияда өтө турган Азия чемпиондугуна даярдык көрө баштады. Улуттук курам Бишкекте 10 күндүк машыгуу сборун өткөрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына команданын башкы машыктыруучусу Самат Сүймалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда команда күнүнө 2 маал машыгуу өткөрүп жатат. Жалпысынан курамда 23 футболчу бар.

Кошумчалай кетсек, 15-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта Индияда өтө турган Азия биринчилигине өспүрүмдөр курамасы Бишкекте өткөн мелдеште жолдомо алган. Азия биринчилигинде алдынкы 4 орунду ээлеген командалар өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ruslan_d
2016-03-11 18:45:45
10кун ото эле азго кичине кобурок даярдык коруш керекда ал жака барарда! Алга жигиттер жакшы ийгилик менен кайткыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан