Бүгүн, 11-мартта футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лига расмий түрдө старт алат. Мелдештин 1-турунда 3 беттеш орун алмакчы.
Буга чейин ташталган чүчү кулактын негизинде 11-мартта алгачкылардан болуп канттык "Абдыш-Ата" Оштун "Алай" клубу менен беттешет. "Ала-Тоо" - "Кара-Балта" беттештери орун алат.
"Ала-Тоо" (Нарын) - "Кара-Балта" (Кара-Балта)
Стадион: Бишкек шаары, Футбол борбору
Башталышы: 13:00
"Абдыш-Ата" (Кант) - "Алай" (Ош)
Стадион: Кант шаары, "Центральный" стадиону
Башталышы: 16:00
"Алдиер" (Куршаб) бул турда ойнобойт.