Бүгүн, 11-мартта Бишкекте жана Кантта футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 2016-жылкы сезону старт алды. Сезондун алгачкы беттешинде "Ала-Тоо" (Нарын) жана "Кара-Балта" (Кара-Балта) клубдары кез келишти. Беттеш 4:1 эсебинде нарындыктардын жеңиши менен аяктады.
Бул күнү ТОП-Лигада дагы 1 беттеш орун алат. Анда канттык "Абдыш-Ата" өз үйүндө Оштун "Алай" клубун кабыл алат.