Бүгүн, 11-мартта футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 1-тур оюндары орун алды. Бишкекте "Ала-Тоо" клубу "Кара-Балтаны" ири эсепте утса, Кантта "Абдыш-Ата" менен "Алай" беттешти.
SUPER.KG порталына КРнын Футболдук Лигасынан кабарлашкандай, Кантта өткөн беттеште "Абдыш-Ата" өлкөнүн учурдагы чемпиону "Алайга" 1:0 эсебинде утулуп калды.
Кошумчалай кетсек, бул командалар 5-мартта Ош шаарында суперкубок үчүн беттеш өткөрүшкөн. Анда канттыктар 1:0 эсебинде утуп, кубокко ээ болушкан.