Бишкекте телеканалдын оператору автокырсыктан каза болду

Н.ЖаныбековБишкекте "Санат" телеканалынын оператору Нуржигит Жаныбековду автоунаа сүзүп кетип, оператор ооруканадан каза тапты. Анын кесиптештеринин айтымында, окуя 11-марттан 12-мартка караган түнү Батыш автобекети тарапта болгон. Кызматкер жумуштан үйүнө бараткан учурда кырсыкка кабылган. Кылмышка шектүү айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок көп өтпөй кармалып, факт боюнча кылмыш иши ачылды.

Кесиптештери маркум кырсык болордон бир күн мурун эле туулган күнүн белгилегенин айтышып, сүзүп кеткен адамдын мыйзам чегинде жоопко тартылышын талап кылышууда.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын соңунда НТС телеканалынын оператору да автокырсыктан каза болгон эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
nazira1989
2016-03-13 13:05:44
Жаткан жери жайлуу болуп,Аллахым бейишинен орун берген болсун,оомиийн.
+5
briliant87
2016-03-13 13:14:19
Терен кайгыруу менен конул айтам.
+2
kobra86
2016-03-13 14:14:01
Жаткан жери жайлуу болсун!
+3
tynara81
2016-03-13 14:17:00
Иий, жапжаш, мөлтүрөгөн бала экен эле. Жайы жаннаттан болсун дегенден башка аргабыз жок да... Этияттасаңарчы, айдоочулар. Бейкүнөө канча өмүрлөр кыйылып атат.
+6
Udubai79
2016-03-13 14:18:09
Айдоочуларга катуу чара корулбосо, жол кырсыктары кобойду. окунучтуу.
+4
lolo.1
2016-03-13 14:43:49
Молтурогон жанындан десе,жайы жаннатта бллсун (((
+3
aiza9675
2016-03-13 15:12:48
АЛЛА ТААЛА билип билбей кылган куноолорун кечирсин((((( шум ажал
+8
Zolushka89
2016-03-13 15:25:59
Сабр берекор
+3
Sagidko88
2016-03-13 16:35:09
чырактай жигит экен эле(((((арты кайырлуу болсун.
+3
B.GULNARA
2016-03-13 17:40:35
ооба чырактай жигит эле. Жакшылыгын эч кимден аябаган. Беш убак намаз окуп, ыйман жолунда жургон. Шум ажал арабыздан туулган куну, туну алып кетти((( Нуржигит жаткан жерин жайлуу, топурагын торко болсун (((
+3
masha89
2016-03-13 20:43:12
23ко эми гана толуптур. Жаткан жерин жайлуу болуп топурагын торко болсун. Жакындарына Кудай сабыр берсин.
0
sezim.ibraimova
2016-03-13 23:36:26
Жаткан жери жайлуу болсун! Өкүнүчтүү нерсе
0
Nazikbaigazy
2016-03-14 01:49:28
Кутулбогон ажал, жаткан жери жайлуу болсун, нтс каналынан да оператор каза болгон болчу, жакындарына сабыр берсин
0
aykyz
2016-03-14 10:21:49
Нуржигит эн сонун бала эле(((. Туулган куну менен куттуктасам, рахмат чон деп абдан суйунуп журду эле. Адамгерчиликтуу, сыйкор, элпек, ыр да жазчу. Олумго кыя албай турам, тушум болуп калса кана деп да журдум. Ажалга эмне мынча шаштын экен(((
0
altynbek9191
2016-03-14 21:30:41
Мурун газетада чогуу иштеген коп суйлобогон жакшы бала болчу, абдан окунучтуу ((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан