Футбол боюнча Франциянын чемпиондугунда ПСЖ клубу атаандашын 9:0 эсебинде утту, команда мөөнөтүнөн мурун чемпион болду

Футбол боюнча Франциянын биринчилигинин 30-турунда ПСЖ клубу конокто "Труаны" 0:9 эсебинде утуп, мөөнөтүнөн мурун чемпион аталды. Оюнда Златан Ибрагимович 4 голу менен айырмаланса, Эдинсон Кавани 2 гол киргизди. Андан тышкары Адриен Рабио жана Хавьер Пасторе бирден голу менен айырмаланса, дагы бир голду "Труанын" оюнчусу Матьё Сонье өз дарбазасына киргизип алды.

Бул жеңиште 3 упайга ээ болгон ПСЖ мелдеш жадыбалында 2-орунда келе жаткан "Монакону" 25 упай артка калтырды. Париждиктер муну менен мелдеш жыйынтыкталарына 8 тур калганда чемпиондукту камсыздап, жаңы рекорд жаратышты.

Оюнда 4 гол киргизген Златан Ибрагимович сезондо киргизген голдорунун санын 27ге жеткирди. Бомбардирлердин катарында кийинки орунду ээлеп турган Эдинсон Каванинин эсебинде 14 гол бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bazarkyl
2016-03-14 10:39:49
Мына сага 25 упай деген эмне шумдук. Татыктуу атандаш таппай жүргөн каманда окшойт.
0
Ernis.Kadyraliev
2016-03-14 16:53:55
bazarkyl, Атандашты ЛЧ дан табат
+1
nursultan67
2016-03-14 10:54:09
Псж менин жакшы коргон командам
0
MAN-CITY
2016-03-14 12:45:01
Францияда ПСЖга тен келетурган клуб жок азырынча.
+1
Patriot..kg
2016-03-14 13:51:30
азамат
0
elmurat.kg
2016-03-15 10:33:33
бир жолу утулду жакында эле Майнцтан
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан