15-20-март аралыгында Бишкекте угуусу жана көрүүсү начар балдар-кыздар арасында шахмат боюнча шаар биринчилиги өтөт. Шаардык спорт комитетинен кабарлашкандай, мелдешке көмөкчү мектептердин жана интернаттардын окуучулары катышат.
Жаш курагына токтолсок, шаардын чемпиону аталуу үчүн 11 жашка чейинки спортчулар ат салышат. Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана түрдүү сыйлыктар менен сыйланышат.