Казакстандагы "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдешке 13 кыргыз балбаны катышат (тизме)

18-20-март аралыгында Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеш өтөт. Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча өтө турган мелдешке Азия чөлкөмүнөн 24 мамлекеттин балбандары катышмакчы.

Анда Олимпиада оюндарына күрөштүн 3 түрүнөн 36 жолдомо ойнотулмакчы. "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн балбандар өз салмагында алдынкы 2 орундун бирин ээлегенге тийиш.

Бул мелдешке кыргыз балбандары жоон топ болуп жөнөп жатышат. Жолдомо алууга кимдер жөнөп жатышат, курамдар менен тааныштырмакчыбыз.

Астанадагы мелдеште грек-рим күрөшү боюнча 6 салмакта (59 килограмм салмакта, 66 кг, 75 кг, 85 кг, 98 кг, 130 кг) жолдомолор ойнотулат. Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз өлкөсүнүн курамына 5 балбан кирген. Алар: Роман Царев (66 кг), Атабек Азисбеков (75 кг), Жанарбек Кенжеев (85 кг), Узур Жузупбеков (98 кг), Мурат Рамонов (130 кг).

Эркин күрөш боюнча 6 салмакта жолдомолор ойнотулат (57 килограмм салмакта, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг, 125 кг). Эркин күрөш боюнча өлкөнүн курамасында 6 балбан бар. Алар: Самат Надырбек уулу (57 кг), Эламан Догдурбек уулу (65 кг), Ильгиз Жакыпбеков (74 кг), Алигаджи Гамидгаджиев (86 кг), Магомед Мусаев (97 кг), Айаал Лазарев (125 кг).

Ал эми кыз-келиндер арасында дагы 6 салмакта жолдомолор ойнотулуп (48 кг, 53 кг, 58 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг), Олимпиаданын катышуучулары аныкталмакчы. Кыз-келиндер курамасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков мелдешке 2 гана кыргыз кызы катышарын билдирди. Бири Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова болсо (58 кг), экинчиси Айжаркын Жеңишбек кызы (53 кг).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ruslan_d
2016-03-14 14:28:54
Алга, баарына ийгилик, жениш менен кайткыла.
+2
Umar080814
2016-03-14 14:30:01
Жеңиш жана жеңиш,ийгилик жана ийгилик .
0
Patriot..kg
2016-03-14 14:37:56
Алга Кыргызстан
+1
uikuchu7
2016-03-14 14:43:33
Баарыңарга ийгилик жана жеңиш!
+1
bayana1987
2016-03-14 14:44:38
Ылайым ийгилик менен келишсин.
+2
AKCAHAT
2016-03-14 16:15:44
Ийгиликти багындырып жениш мн кайткыла, анан этияттагыла да бразилиянын пышный шоколаддкалары мн отуруш откорбойле кайткыла Зика жугуп кыйратпагыла бизди.
0
jigit.paren
2016-03-14 18:21:05
Каныбек Жолчубековчу ал неге барбайи?
-1
Mirbek55
2016-03-14 19:58:42
Менин оюм 59кг салмакта биздин балбан Арсен Эралиев Риого жолдомону уткан, ошон учун Калыбек Жолчубеков быйылкы олимпиадага катышпайт. Калгандарга ИЙГИЛИК!!!
0
Ertuugan
2016-03-14 20:03:50
Azianyn qempionu kanybek jolqubekov nege barbait? balban arsen eraliev joldomo utup bolgonu vqvnbv?
0
mamashov-emil
2016-03-14 23:29:25
1 salmakta olimpiadaga 1 ele adam bara alaby? joldoshbekov erkin kuroshton jakshi kuroshot bolchu jolchubekov attin ai ushul baladan umut chon ele
0
mamashov-emil
2016-03-14 23:30:44
bizdin sostav a tak moshnyi sostav eken kudai buirup joldomo alyp kelgile iygilik
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан