Бишкекте бир жума бою дайынсыз болгон эки курбу Ысык-Көлдө эс алып жүргөндөрү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди.
Бир жума бою дайынсыз жоголгон Айжан Суранбекова жана Мээрим Мырзабекованын айтымында, алар бул убакыт аралыгында Ысык-Көлдө болушкан. Белгилүү болгондой, бүгүн саат 14:00гө эки курбу жана алардын ата-энеси Ленин РИИБине чакырылган, бирок алар чакырылган убакытка келбей коюшкан. Учурда кыздар аталган Ички иштер башкармалыгына келгендери маалымдалды.
Айта кетсек, бир жума бою дайынын чыгарбаган кыздар 11-март күнү жакындарына телефон аркылуу байланышка чыгып, 13-мартта үйлөрүнө кайтып келишкен. Кыздардын жоголуп кеткендиги тууралуу маалыматты алардын жакындары массалык маалымат каражаттарына чыгарып, аларды табууга жардам сурашкан.