Бишкекте ат спорту боюнча мелдеш жыйынтыкталды, анда аттар 135 сантиметр келген тоскоолдукту ашып өтүштү

Бүгүн, 14-мартта Бишкекте ат спорту боюнча Бишкек шаарынын Ачык биринчилиги жыйынтыкталды. Анда катышуучулар аттарын тааныштырып жана тоскоолдукту ашып (конкур) өтүп жарышышты.

Бишкек шаардык спорт комитетинен кабарлашкандай, мелдеш аталган спорт түрүн жайылтуу жана улуттук курамдын катарын толуктай турган спортчуларды иргеп чыгуу максатында уюштурулду.

Аттардын мүмкүнчүлүктөрүн, турушун, ылдамдыгын текшерүүдө негизги сыйлыкты Апачи аттуу ат ээледи (Элина Сергеева минип чыккан). Кийинки кичи сыйлык болсо Боуман аргымагына тапшырылды (Мария Лукина тааныштырды).

Ал эми конкур жарышында (тоскоолдукту ашып өтүү) 135 сантиметр бийиктикти ашып өтүү эң негизги талап катары каралган. Бул бөлүктө жеңишти Чарлиз аттуу ат (чабандес Ринат Галимов) камсыздады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан