Бүгүн, 15-мартта футбол боюнча ири лига - Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында 2 жооптук беттеш орун алат. Бул күнү жарым-жартылай чейрек финалдык жолдомону камсыздаган "Манчестер Сити" киевдик "Динамону" кабыл алат.
Ал эми кызыктуу оюн "Атлетико" жана ПСВ клубдарынын ортосунда күтүлүп жатат, себеби бул командалар алгачкы оюнда жеңүүчүнү аныктай алышкан эмес.
"АТЛЕТИКО" (Испания) - ПСВ (Голландия)
Стадион: Мадрид шаары, "Висенте Кальдерон" стадиону
Калыс: Марк Клаттенбург (Англия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
(алгачкы оюндун жыйынтыгы - 0:0)
"МАНЧЕСТЕР СИТИ" (Англия) - "ДИНАМО" (Киев, Украина)
Стадион: Манчестер шаары, "Этихад" стадиону
Калыс: Овидиу Алин Хэцеган (Румыния)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)