Кадамжай районунда чек арачылар таштын астына катылган аңчылык куралдарды жана окторду табышты

Баткен облусунун Кадамжай районунда чек арачылар сайсыз аңчылык куралдарын жана ок табышты. Бул тууралуу 16-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 15-мартта "Айдаркен" чек ара отряды Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Боорум аймагында таштардын астына катылган калибри 16 миллиметрдик эки сайсыз аңчылык куралын жана калибри 16 миллиметрлик 5 даана ок табышты. Ошондой эле табылган каптын ичинде консерва жана нан болгон. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин чек арачылар куралдарды Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүгүнө өткөрүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
salam.kyrgyzstan
2016-03-16 09:40:51
Бул баягыы текелер менен суротко тушуп жургон прокурордун жардамчысыныкы кала берген болуш керек.
+1
Isa2014
2016-03-16 11:45:29
Катып коюп каткан жерин унутуп коюшса керек да.
0
josholu
2016-03-16 12:19:52
Ташка эмес жаарчеке бекитпейсинерби. Булар чегарачыларды коруп беките калышкан го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан