Чемпиондор Лигасы. Испаниялык "Атлетиконун" футболчулары ПСВны пенальтилер сериясында утушту, "Манчестер Сити" тарыхында 1-жолу чейрек финалга чыкты

16-мартка караган түнү ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында жооптук беттештер орун алды. Бул күндүн жыйынтыгында 2 оюнда тең 0:0 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Жыйынтыгында испаниялык "Атлетико" голландиялык ПСВны пенальтилер сериясына утса (8:7 эсебинде), англиялык "Манчестер Сити" алгачкы оюндагы жеңишинин эсебинен кийинки турга чыкты. Украиналык "Динамону" уткан "Манчестер Сити" тарыхында алгачкы жолу чейрек финалга чыкты.

"Атлетико" (Испания) - ПСВ (Голландия) - 0:0 (пенальтилер сериясы - 8:7)

"Манчестер Сити" (Англия) - "Динамо" (Киев, Украина) - 0:0

Кошумчалай кетсек, 2015-2016-сезонунда аталган лигада чейрек финалга буга чейин "Реал" (Испания), "Бенфика" (Португалия), ПСЖ (Франция), "Вольфсбург" (Германия) командалары чыккан.

Чемпиондор Лигасы 2015-2016. Плей-офф. Манчестер Сити - Динамо Киев
Чемпиондор Лигасы 2015-2016. Плей-офф. Атлетико - ПСВ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bazarkyl
2016-03-16 09:50:03
Атлетико жаман ойноду. Пенальтиге жеткизгенине тан калам. Бүгүнкү оюун кызык болот Бавария Ювентус мыкты камандалар.
0
Anara8668
2016-03-16 09:51:04
Мен бибейм фудболго кызыкпайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан