Бүгүн, 16-мартта ири футболдук лига – Чемпиондор Лигасында акыркы эки чейрек финалчы аныкталат. Бул күнү каталондук “Барселона” лондондук “Арсеналды” кабыл алса, мюнхендик “Бавария” туриндик “Ювентус” менен беттешет.
“Бавария” (Германия) – “Ювентус” (Италия)
Стадион: Мюнхен шаары, "Альянц Арена" стадиону
Калыс: Юнас Эрикссон (Швеция)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
(Алгачкы оюнда 2:2 эсебиндеги тең чыгуу катталган)
“Барселона” (Испания) – “Арсенал” (Англия)
Стадион: Барселона шаары, "Камп Ноу" стадиону
Калыс: Сергей Карасев (Орусия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
(Алгачкы оюнда “Барселона” 2:0 эсебинде жеңишке жетишкен)