Баткен облусунда "жер тилкесин талашуудан улам агасы менен жеңесин бычактап өлтүргөн" деген шек менен 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-март күнү саат 13:00 чамасында милицияга ооруканага Баткен шаарынын Сайдиман-Ажы көчөсүндө жайгашкан эт сатуучу дүкөндөн бычакталган 56 жаштагы Сайдимамат Б. аттуу жаран келип түшкөнү маалымдалган. Ал оор жаракаттардан улам жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп калган. Саат 16:09 чамасында Кызыл-Жол айылындагы үйлөрдүн биринен маркумдун 53 жаштагы Айнагүл Б. аттуу аялынын бычакталган жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келген. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары маркумдун бир тууган иниси, 50 жаштагы Сайитказы Б. кармалган. Аны кармоо учурунда жанынан ашкана бычагы жана башка далил буюмдар табылган. Кылмышка шектүүнүн айтымында, агасы экөөнүн ортосунда жер талаш маселесинен улам пикир келишпестиктер болуп келген.
Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Маркумдардын артында 5 баласы калганы маалым болду.