Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жана Азия чемпиондугунун тандоо турунда "В" тайпасында 29-мартта Тажикстан курамасы Дүйшөмбү шаарында кыргыз футболчуларын кабыл алат. Борбордук стадиондо өтө турган беттешке саат 17:00дө (Бишкек сааты боюнча) старт берилет.
Бул беттешке карата учурда Тажикстандын Футбол федерациясы кызуу даярдык көрүп жатат. Тандоо турунун акыркы оюнуна карата билеттер 24-мартта сатыла баштайт. Тажикстандын Футбол федерациясы кабарлагандай, сатыкка чыккан билеттер 3 категорияга бөлүнгөн: биринчи, VIP жана VVIP. Маалыматка ылайык, 1-категориядагы билеттердин баасы 20 сомонини түзөт (сомго которгондо 184 сом). VIP категориясындагы билеттер 50 сомониге бааланууда (461 сом). Ал эми VVIP категориясындагы билеттердин баасы 1000 сомони (9220 сом) турат. Бул категориядагы билетти сатып алгандарга VVIP трибунада чектөө коюлбайт, көп артыкчылык берилет.