Бүгүн, 16-мартта Бишкекте футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 2-тур оюндары орун алды. Анда алгачкылардан болуп "Кара-Балта" клубу куршабдык "Алдиер" менен беттешти.
КРнын Футбол Лигасынан кабарлашкандай, беттеш 4:2 эсебинде жыйынтыкталып, кара-балталыктар мелдештеги алгачкы 3 упайына ээ болушту.
Кошумчалай кетсек, алгачкы турда "Кара-Балта" нарындык "Ала-Тоого" 4:1 эсебинде утулса, "Алдиер" ал турда оюн өткөргөн эмес.