Чемпиондор Лигасы. "Бавария" өз үйүндө "Ювентуска" утулуп жатып, акыркы мүнөттөрдө жеңишти илип кетти. "Барселона" болсо "Арсеналды" оңой эле утуп алды

17-мартка караган түнү ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында акыркы 2 беттеш орун алды. Бул күнкү беттештердин ичинен "Арсеналдын" биринчи оюнда эле өз үйүндө утулганын эске алсак (2:0), "Барселона" - "Арсенал" беттешинде кызуу тиреш дээрлик болгон жок. Себеби каталондуктар 18-мүнөттө эсепти ачып, "Арсеналдын" конокто жеңишке жетишүү тилеги таш капты. 2 оюндун жыйынтыгында жалпы эсепте 5:1 эсебинде жеңишке жетишкен "Барса" чейрек финалчылардын катарын толуктады.

"Барселона" (Испания) - "Арсенал" (Англия) - 3:1

Голдор: Неймар (18-мүнөттө), Суарес (65-мүнөттө), Месси (88-мүнөттө) - Эльнени (51-мүнөттө).

"Арсеналдын" оюнчулары Алексис Санчес менен Месут Өзил...

Ал эми Мюнхенде өткөн беттеште анык финалдагыдай оюн болду. Германиянын чемпиону 1-таймда эки гол өткөрүп жиберди. Албетте, оюнга кайтуу үчүн "Бавариянын" футболчулары болгон аракетин көрүштү, бирок көп убакыт алардын мүмкүнчүлүктөрү текке кетип, топ дарбазага кирбей жатты. 73-мүнөттө гана Роберт Левандовскинин голу үй ээлерине психологиялык артыкчылык алып келип, оюн уланды. "Ювентус" 3 мүнөт чыдаганда чейрек финалга жолдомо алмак, бирок немис футболчулары 91-мүнөттө эсепти теңеп алышты. Кошумча 15 мүнөттүктөр, албетте, үй ээлеринин "кызматында" болду.

"Бавария" (Германия) - "Ювентус" (Италия) - 4:2

Голдор: Поль Погба (5-мүнөттө), Хуан Куадрадо (28-мүнөттө) - Роберт Левандовски (73-мүнөттө), Томас Мюллер (91-мүнөттө). Тиагу Алькантара (108-мүнөттө), Коман (110-мүнөттө).

* Мелдештин чейрек финалына төмөнкү 8 команда чыкты: "Атлетико" (Испания), "Бавария" (Германия), "Барселона" (Испания), "Бенфика" (Португалия), "Манчестер Сити" (Англия), ПСЖ (Франция), "Реал" (Испания), "Вольфсбург" (Германия).

* Чүчү кулак таштоо аземи 18-мартка пландалган.

* Чейрек финалдык беттештер 5-6-апрелге (алгачкы оюндар) жана 12-13-апрелге (жооптук оюндар) пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
elmurat.kg
2016-03-17 08:46:43
барса малодец....
0
Beka.kaba
2016-03-17 09:24:28
барса красавчик
0
poping.dance
2016-03-17 10:36:01
Fcb
-2
Zarlyk.322
2016-03-17 12:22:38
FCB champion buirusa!
-2
Ernis.Kadyraliev
2016-03-17 18:31:57
Bayern Munchen
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан