Бишкектен жана Чүй облусунан 1 килограммдан ашуун баңгизат менен эки жаран кармалды

Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан акыркы эки күн аралыгында 1 килограммдан ашуун баңгизат менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында Маевка айылынан 59 жаштагы мурда соттолгон Ж.А. аттуу Кочкор районунун тургуну кармалган. Анын жашаган жеринен 263 граммдан ашуун марихуана табылган. Ошондой эле Ысык-Ата районуна караштуу Новопавловка айылынан 31 жаштагы А.Ж. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Анын өздүк буюмдарын текшерүү маалында 1 килограмм 204 граммдан ашуун марихуана табылган. Учурда аталган фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан