Бишкек. 10 мамлекеттин катышуусундагы алыш күрөшү боюнча мелдеште 3 кыргыз кызы алтын медаль тагынды (фоторепортаж)

Бүгүн, 17-мартта Бишкекте коомдук жана саясий ишмер, алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча Гран-при мелдеши болду. Мелдешке кыргыз балбандарынан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Беларусь, Грузия, Молдова, Иран жана Орусиянын балбандары катышты.

Мелдеште кыз-келиндер арасында 6 салмакта жеңүүчүлөр аныкталды. 3 салмакта кыргыз кыздары жеңүүчү аталса, 3 салмакта түркмөнстандыктар алтын медалдарды тагынышты.

Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык Гран-при мелдешинин бардык жеңүүчүлөрү:

55 килограмм салмакта - Анара Рыскулова (Кыргыз Республикасы)

60 кг - Маарим Момунова (Кыргыз Республикасы)

65 кг - Динара Хашиева (Түркмөнстан)

70 кг - Рано Узакова (Түркмөнстан)

75 кг - Шахан Мухаммедова (Түркмөнстан)

+75 кг - Нагира Сарбашова (Кыргыз Республикасы)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
a.m.akmoldoev
2016-03-17 19:52:34
Кыргызстан алга. Админ эркектерден кимдер места алды?
0
admin_portal
2016-03-18 10:35:06
a.m.akmoldoev, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/142019/
0
Svoboda83
2016-03-17 21:56:20
Алтын медалды эркектер алалышпадыбы?
0
Мэри
2016-03-17 22:54:11
Алыш боюнча мелдеште Н.Кожобеков, К.Келсинбеков жана М.Кочкоров сыяктуу балбандар өлкө эсебине алтын медалдарды утуп беришти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан