Бүгүн, 17-мартта Бишкекте өткөн Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча Гран-при мелдешинде 3 кыргыз балбаны алтын медаль тагынды. Мелдеште жалпысынан 6 салмакта жеңүүчүлөр аныкталган. Дагы 3 алтынды Түркмөнстандын балбандары өз эсептерине жаза алышты.
Кошумчалай кетсек, Гран-при Кыргыз Республикасы, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Беларусь, Грузия, Молдова, Иран жана Орусиянын балбандарынын катышуусунда өттү.
Уландар арасындагы жеңүүчүлөр:
60 кг - Ахал Айазов (Түркмөнстан)
70 кг - Мырзабек Кочкоров (Кыргыз Республикасы)
80 кг - Пиргули Гурбандурдыев (Түркмөнстан)
90 кг - Нурбек Кожобеков (Кыргыз Республикасы)
100 кг - Кадыр Келсинбеков (Кыргыз Республикасы)
+100 кг - Ражабали Орозалиев (Түркмөнстан)