Казакстандын Астана шаарында бүгүн, 18-мартта күрөш боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеш башталды. Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча өтүп жаткан мелдешке Азия чөлкөмүнөн 24 мамлекеттин балбандары катышууда. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы да бар.
Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча кармаштар өтүүдө. 85 килограмм салмакта күрөшүп жаткан балбаныбыз Жанарбек Кенжеев мелдештин финалына чыкты жана Олимпиадага жолдомо алды. Жобого ылайык, ар бир салмакта финалга чыккан балбандар Олимпиадага жолдомо алышат.
Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган Олимпиадага 4 спортчубуз жолдомо алган. Алар: жеңил атлетика боюнча Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова жана грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев.