Футбол боюнча Иордания курамасы англиялык адис Харри Реднапп менен келишим түздү. Реднапп аталган кураманы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун кийинки баскычында жетектемекчи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин иорданиялык футболчуларды бельгиялык Пол Пут машыктырып келген. Анын жетекчилиги астында Иордания Бишкекте кыргыз футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калган.
Кошумчалай кетсек, тандоо турунда "В" тайпасында Иордания курамасы Австралиядан кийинки орунду ээлеп, 2-орунда атын жазып келүүдө. Алар 24-мартта Бангладеш курамасы менен, 29-мартта Австралия менен беттешмекчи.
Харри Реднапп буга чейин "Куинз Парк Рейнжерс", "Вест Хэм", "Саутгемптон" жана "Тоттенхэм" сыяктуу англиялык командаларды машыктырган.