Орусиянын футбол боюнча курамасынын бир кездеги лидери Андрей Аршавин карьерасын Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунда улантат. Казакстандык басылмалар кабарлагандай, футболчу клуб менен 1 жылдык келишим түздү. Келишим дагы 1 жылга узартылышы мүмкүн.
34 жаштагы футболчу буга чейин Орусиянын "Зенит" клубунан "Кубань" клубунун курамына кошулган. Көп өтпөй келишим бузулуп, эки тарап кызматташууну токтоткон.
Кошумчалай кетсек, Аршавин Орусия курамасынын лидери катары 2008-жылы Европа чемпиондугунда өзүн көрсөтүп, курама менен коло медаль уткан. Көп өтпөй ал Англиянын "Арсенал" футболдук клубунда ойноп баштаган. "Арсеналдын" курамында ал испаниялык "Барселонага" 1 гол жана "Ливерпулдун" дарбазасына 1 оюнда 4 гол киргизип, коомчулуктун көңүлүн бурдурган.