Бүгүн, 18-мартта Казакстандагы күрөш мелдешинде финалга чыгып, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алган Жанарбек Кенжеев ийгилиги тууралуу ой бөлүштү.
"Алгачкы беттеште Индиянын балбанын уттум. Андан соң япониялык балбан менен кармашып, жеңишке жетиштим. Негизи, буга көп убакыттан бери даярданып жаткам. Жолдомо алып, кыргыз элимди сүйүндүрөм деген тилегим бар болчу. Кудай буюрса, максатыма жеттим. Аябай кубанып турам. Финалда Кытайдын балбаны менен күрөшөм. Беттешке мыкты даярдыктамын",- дейт Жанарбек Кенжеев.
Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган Олимпиадага 4 спортчубуз жолдомо алган. Алар: жеңил атлетика боюнча Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова жана грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев.