Учурда Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеш өтүп жатат. Мелдештин биринчи күнүндө кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев финалга чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Ал эми финалдык беттеште ал кытайлык Фей Пег менен беттешип, 8:6 эсебинде утулуп калды. Жыйынтыгында ал мелдештин күмүш медалын тагынды.
Кошумчалай кетсек, аталган мелдеште финалга чыккан балбандар Бразилиядагы Олимпиадага жолдомо камсыздашты. Жанарбек Кенжеев азырынча бул мелдеште жолдомо алган жалгыз кыргыз спортчусу.