Биз социалдык тармакта

Баткен облусунда таштанды таштоочу талаадан адамдын жансыз денеси табылды

Баткен облусунда таштанды таштоочу талаадан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-мартта саат 14:30 чамасында Айдаркен шаары менен Эшме айылынын ортосундагы таштанды таштоочу талаадан киши колдуу болгон европа улутундагы, болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин денеси табылган. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда маркумдун аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Pandora
2016-03-19 12:49:26
АстафурАлла жанылыкка кирсен эле адамды олтурду деген кабар кобойуп баратат.Кудай сактасын...
+7
simone
2016-03-19 12:55:01
Адам олтурду, ит олтурду дегендей эле болуп калды го ........
+4
Musabaeva
2016-03-19 13:11:24
Ушундай жанылыктарды укпай калган кунубуз качааан келет?
+3
aitowa11
2016-03-19 14:36:49
Бул адамды таанып болбой калыптырго коп жатыптыр талаада,каптын ичине салып коюшуптур чирип баштаган экен
0
Uson13
2016-03-19 15:31:48
Баткен эмне болуп баратат күндө эле адам өлүп жатат
0
Sema87
2016-03-19 17:55:12
Жокчулук жумушсуздуктун айынан болуп жатат баары
0
TOMMYHILFIGER
2016-03-19 17:58:25
simone. Себеби акыркы кезде адамдар озубуз иттенде айырмаланбай калдык.айтайын дегеним кылып жаткан кылык жооруктарыбыз.
0
baltabaev
2016-03-19 23:47:44
Супер инфо маркумдун здугун такташса жазып коюнуздарчы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан