Казакстанда күрөш боюнча өтүп жаткан мелдеште кыргыз балбандары Магомед Мусаев менен Мурат Рамонов "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алышты. Балбандарга бул ийгиликти багынтуу үчүн мелдештин финалына чыгуу жетиштүү болду.
Магомед Мусаев 97 килограмм салмакта эркин күрөш боюнча килемге чыгып, жарым финалда индиялык спортчуну 5:3 эсебинде утуп алды. Ал эми грек-рим күрөшүнөн кармаш өткөргөн Мурат Рамонов 130 килограмм салмакта Олимпиадага жолдомо утту. Ал чечүүчү беттеште өзбекстандык балбан менен бет келип, 4:0 эсебинде утту.
Кошумчалай кетсек, аталган мелдеште буга чейин Жанарбек Кенжеев жана Айсулуу Тыныбекова финалга чыгып, жолдомолорго ээ болушкан.