Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү мелдешинин жарым финалы орун алды. Анда 2 беттеш эл назарында болду. Алгач "Сары-Өзөн" командасы "Бөрүлү" менен беттешсе, экинчи оюнда "Достук" командасы менен "Талас" командасы кез келди.
Оюнга билеттер 150 сомдон сатылганына жана жаан жаап, күн суук болгонуна карабай, ат майданга эл толо келген. Сыртта кире албай тургандардын саны да аз эмес.
Жыйынтыгында алгачкы жарым финалдык беттеште "Сары-Өзөн" командасы "Бөрүлүнү" 5:2 эсебинде утуп, финалга чыкты. Оюнда "Бөрүлү" атаандашына тең ата ойной алган жок.