Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова Казакстанда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеште алтын медаль тагынды. Азия чемпиону 58 килограмм салмакта килемге чыккан.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, ал Өзбекстан, Вьетнам, Түндүк Кореянын спортчуларын утуп, финалга чыккан. Финалга чыгуу менен спортчу "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алган.
Финалдык беттеште ал монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешип, 10:5 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.