Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы бүгүн, 19-мартта Бишкекте машыгуу сборун баштады. Сбор 29-мартта орун алчу Тажикстан - Кыргыз Республикасы беттешине көрүлүп жаткан даярдыктын алкагында өтүүдө.
Алгачкы машыгууда футболчулар чуркап, топ менен иштөө, прессинг, коргонуудан чабуулга чыгуу ыкмаларын жасашты. Анда башкы машыктыруучу Александр Крестининге Игорь Кудренко, Самат Сүймалиев, Владимир Сало жана Владислав Волков сыяктуу адистер көмөктөшүүдө.
Алгачкы машыгууга 18 оюнчу катышты. 23 футболчудан турган курамга жакынкы күндөрү Антон Землянухин ("Сисакет" клубу, Таиланд), Тамирлан Козубаев ("Ягодина", Сербия), Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Виктор Майер ("Меппен", Германия) жан Валерий Кичин ("Тюмень", Орусия) сыяктуу футболчулар менен толукталары күтүлүүдө.
Башкы машыктыруучу Александр Крестинин курамга чакырган 23 футболчу:
Курам төмөнкүчө:
Дарбазачылар: Павел Матяш ("УиТМ" футболдук клубу, Малайзия), Руслан Амиров ("Алга"), Валерий Кашуба ("Дордой").
Коргоочулар:
Азамат Байматов ("Ситра", Бахрейн), Тамирлан Козубаев ("Ягодина", Сербия), Валерий Кичин ("Тюмень", Орусия), Виктор Майер ("Меппен", Германия), Курсан Шератов, Шерзот Шакиров, Дениэл Тего (баары "Дордой"), Турсунали Рустамов ("Алай")
Жарым коргоочулар:
Бахтияр Дүйшөбеков ("Крумкачы", Беларусь), Фархат Мусабеков ("Академия", Молдова), Эдгар Бернхардт ("Аль-Оруба", Оман), Ахлетдин Исраилов ("Динамо-2", Украина), Антон Землянухин ("Сисакет", Таиланд), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (баары "Дордой"), Павел Сидоренко ("Алга"), Мирлан Мурзаев ("Афжет Афьонспор", Түркия)
Чабуулчулар:
Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Дэвид Тэтте ("Дордой").