Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча мелдештин финалы жана эр эңиш, ат чабыш жана салбуурун орун алат.
Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору менен тиешелүү федерациялар тарабынан уюштурулуп жаткан ат оюндарынын жалпы байге фонду 1 миллион 682 миң сомду түзөт.
Оюндар жана сааттары:
Саат 9:00 -10:00. Салбуруун
10:00-11:30. Көк бөрү мелдешинде "Талас" жана "Бөрүлү" командалары 3-орун үчүн беттеш өткөрүшөт
11:30-12:00. Эң эңиш боюнча финалдык беттештер
12:00-14:00. Ат чабыш
14:00- 15:30. Көк бөрү боюнча "Сары-Өзөн" - "Достук" командаларынын беттеши (финал)