Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары өтүп жатат. Бул оюндар быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык болуп эсептелинет.
Ат майдандагы мелдештердин катарында эр эңиш орун алып, 3 салмак категориясындагы жоон билектер арасында жеңүүчүлөр аныкталды.
70 килограмм салмакта Чүй облусунан келген Бузурманкул уулу Калыбек жеңүүчү аталса, 90 килограмм салмакта Марат Кулуевге (Ош облусу) эч ким тең келген жок. 90 килограммдан жогоркулар арасында алтын медалды Күмүш Кыдыралиев (Талас облусу) тагынды.