Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча уюштурулган мелдештин финалы жана 3-орун үчүн беттеш болду. Жарым финалдык оюндардын жыйынтыгында "Бөрүлүнү" уткан "Сары-Өзөн" командасы "Талас" командасын уткан "Достук" менен беттешмек.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, жыйынтыгында 2 оюнда тең ири эсептер катталып, "Сары-Өзөн" командасы мелдештин жеңүүчүсү аталды. 2-орунду "Достук" ээлесе, коло "Талас" командасына тийди.
Финал
"Сары-Өзөн" (Суусамыр) - "Достук" (Ош) - 11:5
3-орун үчүн беттеш:
"Талас" (Талас) - "Бөрүлү" (Сокулук) - 9:0