Өткөн сутка ичинде Бишкекте ур-токмокко алынган эки адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта "Тез жардам" кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, саат 23:50дө Курманжан датка көчөсүндө, Чоң Чүй каналынын жанында оор абалда жаткан адам тууралуу маалымат түшкөн. Ал 30 жаштагы жаран экени аныкталды. Анын айтымында, ал белгисиз адамдар тарабынан сабалып, каналга ташталган. Андан соң жабырлануучу суудан чыгып, милицияны чакырганы белгилүү болду. Ага "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, милицияга тапшырышты.
"Мындан тышкары 22-мартта саат 04:34тө Некрасов көчөсүндө ур-токмокко алынган адам тууралуу маалымат түшкөн. 23 жаштагы жабырлануучу 3 белгисиз адам тарабынан сабалганы аныкталды. Ал Улуттук госпиталга жеткирилди",- деп айтылат маалыматта.