20-мартта Орусиянын Москва шаарында "Russian Challenge" деген аталышта тайбокс боюнча мелдеш орун алды. Профессионалдар арасындагы мелдеште 9 салмак категориясында 10 беттеш орун алды.
Мелдеш алкагында 71 килограмм салмакта кыргыз мушкери, акыркы кездерде Орусияда жашап, машыгып жүргөн Дастан Шаршеев рингге чыкты. Анын атаандашы Денис Колотыгин болуп, мушкерлер 3 мүнөттөн 3 раунд мушташ өткөрүштү.
Беттеште жердешибиз Дастан көбүрөөк таамай болуп чыгып, 3 раунддун жыйынтыгында упай катыштыгында жеңишке жетишти.